КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясы
14.02.2022-жыл № 9
Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жангак айылындагы Ж.Калназаров жана К.Нарбаев көчөсүнүн кесилишиндеги жер тилкесин муниципиалдык менчикке алуу жөнүндө
Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жангак айылындагы Ж.Калназаров жана К.Нарбаев көчөсүнүн кесилишиндеги 0,81 га жер тилкесин муниципиалдык менчикке алуу жөнүндөгү Көк-Арт айыл өкмөтүнүн берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жангак айылындагы Ж.Калназаров жана К.Нарбаев көчөсүнүн кесилишиндеги 3-05-05-1002-0330-сыр белгидеги 0,81 га жер тилкеси муниципиалдык менчикке алынсын.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык Кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |