Редакцияот 04.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы

 

4.03.2022-жыл № 12

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Р.Турдубековко жер тилкесин берүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Айыл чарба комитетинен отурумунун сунушунун негизинде Көк-Арт айыл өкмөтүнүн тургуну Турдубеков Руслан Самсалиевичке  кезексиз жер тилкесин берүү жөнүндө  сунушун  угуп жана талкуулап  Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын  кезектеги  XXXI-сессиясы токтом кылат:                         

1.   Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Турдубеков Руслан Самсалиевичке жеке менчик турак жай салуу үчүн  жер трансформациясы бүткөндөн кийин кезексиз 0,10 га жер  тилкеси бөлүнүп берилсин.

2.   Бөлүнүп берилген жер тилкесинин мыйзамдуулугун карап чыгуу жана тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Э.М.Жумуковко жүктөлсүн.

3.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн  kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине  киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык

Кеңешинин төрагасы

 С.Жуманазаров