КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
4.03.2022-жыл № 19
Сузак РИИБнү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн жол көзөмөлдөө тобунун 21.02.2022-ж
№20-6/16-173 сандуу эскермеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Сузак РИИБү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн жол көзөмөлдөө тобунун 21.02.2022-жылдагы №20-6/16-173 сандуу эскермеси жөнүндө угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагына караштуу “Жалал-Абад-Казарман” унаа жолунун 20-чакырымдан 50-чакырымга чейинки аралыкта жолдун эки тарабына тосмолорду орнотуу боюнча Сузак РИИБү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн жол көзөмөлдөө тобунун 21.02.2022-жылдагы №20-6/16-173 сандуу эскермеси бюджеттин таңкыстыгына байланыштуу канаатандырылбасын.
2. “Жалал-Абад-Казарман” унаа жолунун 20-чакырымдан 50-чакырымга чейинки аралыктагы жол “Жалал-Абад-Балыкчы” унаа жолуна карагандыктан Көк-Арт айыл өкмөтүнө эксплуатацияга берилбегендигине байланыштуу жол огунун эки тарабынын 32 метр кеңдиктеги тилкесинде капиталдык объектерди, ошондой эле жеңилдетилген объектерди, анын ичинде жарнак конструкцияларын курууга, реконструкциялоого, кайра профилдөөгө жана кайра пландоого жер участокторун бөлүү жана уруксат берүүчү документтерди берүү бул объекти толук аяктаганга чейин иш-аракеттер жүргүзүлбөсүн.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык Кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |