Редакцияот 09.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын кезексиз 12- сессиясы

2022-жылдын 9-марты № 12-1

Көк-Жар айыл аймагына караштуу Жийде айылындагы М.Мамытов атындагы Жийде орто мектебинин имаратында жайгашкан“Жийде-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемеси кыска мөөнөттүү болуп иштеп жаткандыгына байланыштуу, узак мөөнөттүү 10 сааттык кылып ачуу жөнүндө

Көк-Жар айыл аймагына караштуу Жийде айылындагы М.Мамытов атындагы Жийде орто мектебинин имаратында жайгашкан“Жийде-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемеси кыска мөөнөттүү болуп иштеп жаткандыгына байланыштуу, узак мөөнөттүү 10 сааттык кылып ачуу жөнүндө жазган сураныч катын карап талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Көк-Жар айыл аймагына караштуу Жийде айылындагы М.Мамытов атындагы Жийде орто мектебинин имаратында жайгашкан“Жийде-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесин узак мөөнөттүү, 10 сааттык кылып ачууга макулдук берилсин.

2. Жатакана, ашкана, кир жуучу жай үчүн смета-архитектуралык иштерин Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Калматовго, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн юристи Ж.Сарыбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

 Р.Арапов.