Редакцияот 09.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын кезексиз 12- сессиясы

2022-жылдын 9-марты № 12-6

Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылынын тургуну Асылбек кызы Мээргүлдүн арызын кароо жөнүндө

Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылынын тургуну Асылбек кызы Мээргүлдүн  кызынын жүрөгүнө операция жасатууга, материалдык жардам көрсөтүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык         Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

4. Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылынын тургуну Асылбек кызы Мээргүлдүн  кызынын жүрөгүнө операция жасатууга, материалдык жардам көрсөтүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык, жергиликтүү бюджеттин аппараттык башкаруу бөлүмүнүн (710) 2721-беренесине негиз 10 000 (он миң) сом акча каражатын, бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

5. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө, статьяларына коюп иш алып баруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А. Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

 Р.Арапов.