Редакцияот 09.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын кезексиз 12- сессиясы

2022-жылдын 9-марты № 12-7

Кыргыз Респупликасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Респупликасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, айыл-жерлерде өткөн элдик жыйындардын чечимдерин угуп, талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Кыргыз Респупликасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы ишке ашырылсын.

2. Көк-Жар айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча эл арасында камиссиялар түзүлсүн.

3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жобону иштеп чыгуу, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н. Бороновага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Кайымовго жүктөлсүн.

 

Төрага:

 Р.Арапов.