КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
4.09.2021-жыл № 3
Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлерден башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин турак-жай курууга берилип жана курулуп кеткен сугат айдоо жер аянттарын калктуу конуштун жерлер категориясына которуу тууралуу маселени угуп жана талкуулап жөнүндө
1. Айыл аймагындагы «Суугат айдоо жерлерин жарактуу жерлерден башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин турак-жай курууга берилип кеткен суугат айдоо жер аянттарын калктуу конуштун жерлер категориясына которуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомунун негизинде 33 суугат жерлерди которуу (трансформациялоо) жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилиши сунушталсын.
2. Айыл аймагындагы калктуу конуш категориясына которууга сунушталган
- Бирдик айылы боюнча №911 контурундагы жалпы аянты 2,60 га жана №1236 контурундагы 7,8 га жалпы «Токой» жер участогунан 10,4 га жер участогу
- Арал айылынын №1082 контурундагы жалпы аянты 5,30 га «ЛСП» жер участогунда,
- Арал айылынын №1375 контурундагы жалпы аянты 8 га « Тескей» жер участогунда, - Арал айылынын № 1096 контурундагы жалпы аянты 9,70 га «Чоӊ-Терек» участогунда,
Көк-Ирим айыл аймагы боюнча жалпы 33 гектар суугат айдоо жер аянтынын тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер комиссиясынын кароосуна жиберүү айыл өкмөтүнүн башкы адиси Э.Курманалиевке милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Секелеӊовко милдеттендирилсин.
Көк-Ирим айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары | А.Маленкулова |