КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги VII сессиясы
19.01.2022-жыл № 1
“Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусу” мекемесине
долбоор жазып сунуштоо жөнүндө
1. Айыл элинин эӊ орчундуу көйгөйлүү деп табылган Арал айылындагы М.Жунушалиев атындагы маданият үйүнүн жер төлөсүн реконструкциялоо жана бизнес инкубатор ачуу боюнча долбоору жактырылсын.
2. Арал айылындагы М.Жунушалиев атындагы маданият үйүнүн жер төлөсүн реконструкциялоо жана бизнес инкубатор ачуу боюнча долбоор жазып Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча адиси Канболот кызы Перизатка тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, тарнспорт жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Ирим айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Асыйбеков |