Редакцияот 19.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган  депутаттарынын кезектеги VII сессиясы

 

19.01.2022-жыл № 11

Башка райондон келген мал башына жайыт акы баасын коюу жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын  8-беренесинин негизинде ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4- беренесине ылайык  Көк-Ирим айылдык кеӊешинин депутаттарынын VII  сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.   Көк-Ирим айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилсин.

2.   Жайыт комитетинин төрагасынын төмөнкү сунушу  бекитилсин:

а.  Башка райондордон жана айылдардан келген мал башына:

-          Ийри мүйүздүү мал бир баш үчүн  - 250 сом

-          Кой-эчкилер бир баш үчүн              -  50  сом

-          Жылкыга бир баш үчүн                   -  250 сом

-          Жаш бодо малга                               -   170 сом

-          Бал челекке                                       -  200 сом

3.  Көк-Ирим айыл аймагынын жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджеттке багыттоо милдети жүктөлсүн

4.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы  Р.Секелеӊовко жүктөлсүн.

 

Көк-Ирим айылдык

Кеңешинин төрагасы

 К.Асыйбеков