МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXII сессиясы
2021-жылдын 2-марты № 2
«Ноокен районунун Масы айылында жайгашкан РИИБнүн аянтына кичи футбол аянтчасы жана МАИ кызматкерлери үчүн административдик имарат куруу жөнүндө долбоорун кароо»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXII сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен районунун Масы айылында жайгашкан РИИБнүн аянтына кичи футбол аянтчасы жана МАИ кызматкерлери үчүн административдик имарат куруу долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Долбоорго акча каражатын бөлүү үчүн Ноокен райондук Өнүктүрүү фондусунун комиссиясына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы | А.Нарматов |