Редакцияот 02.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXII сессиясы

2021-жылдын 2-марты № 4

«Ноокен районунун Масы айылында жайгашкан борбордук аянтка темир конструкциясынан көчмө сахна куруу жана күчөтүүчү аппаратура комплекси менен сатып алуу жөнүндө долбоорун кароо»

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXII сессиясы токтом кылат:

1. Ноокен районунун Масы айылында жайгашкан борбордук аянтка темир конструкциясынан көчмө сахна куруу жана күчөтүүчү аппаратура комплекси менен сатып алуу жөнүндөгү долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.

2. Долбоорго акча каражатын бөлүү үчүн Ноокен райондук Өнүктүрүү фондусунун комиссиясына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына тапшырылсын.

3. Долбоорду ишке ашыруу максатында Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым үчүн 88 318 (сексен сегиз миң үч жүз он сегиз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Масы айылдык кеңешинин төрагасы

А.Нарматов