МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXII сессиясы
2021-жылдын 2-марты № 12
«Муниципалдык менчиктеги жер тилкелери жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айыл өкмөтүнүн администрациясынын сунушун эске алып, Масы айылдык кенешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXII сессиясы токтом кылат:
1. Масы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги төмөндөгү жер тилкелери аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.
1) С.Шерматов көчөсүндөгү 360 м2 жер тилкеси.
2) С.Шерматов көчөсүндөгү 200 м2 жер тилкеси.
3) Школьная көчөсүндөгү 476 м2 жер тилкеси.
4) М.Тургунбаев көчөсүндөгү 265 м2 жер тилкеси.
5) Р.Шерматов көчөсүндөгү 417 м2 жер тилкеси.
6) К.Султанов көчөсүндөгү 255 м2 жер тилкеси.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Шайымкуловго жүктөлсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы | А.Нарматов |