Редакцияот 02.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXII сессиясы

2021-жылдын 2-марты № 14

“Ноокен районунун жалпы дарыгердик борборуна суюк кислород чыгаруучу жабдууларды жана стоматология кабинетине 3 тиш дарылоочу бор машина сатып алуу боюнча долбоордук сунушун кароо жөнүндө”

Ноокен районунун жалпы дарыгердик борборунун Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына жазган 2021-жылдын 27-февралындагы №70а сандуу катынын жана 2021-жылдын 26-февралындагы № 71а сандуу каттарын угуп жана талкуулап, Масы айылдык кенешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXII сессиясы токтом кылат:

1. Ноокен районунун Масы айыл аймагында жайгашкан “Ноокен районунун жалпы дарыгердик борборуна” суюк кислород чыгаруучу жабдууларды жана стоматология кабинетине 3 тиш дарылоочу бор машина сатып алуу боюнча Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна берилүүчү долбоор артыкчылыктуу деп табылсын.

2. Масы айыл аймагында жайгашкан “Ноокен районунун жалпы дарыгердик борборуна” суюк кислород чыгаруучу жабдууларды жана стоматология кабинетине 3 тиш дарылоочу бор машина сатып алуу боюнча долбоордук сунуштун каржылануучу тийиштүү чыгымдары Ноокен райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.

 

Масы айылдык кеңешинин төрагасы

А.Нарматов