Редакцияот 12.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чалма айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын

2022-жылдын 12-апрели № 8/2

Жайыт комитетинин 2021-жыл ичинде аткарган иштеринин абалы жөнүндө

Жайыт комитетинин төрагасы Жаанбев Улукбектин 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчетун угуп жана талкуулап, Чалма айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин төрагасы Жаанбаев Улукбектин 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Жайыт комитетинин төрагасы У.Жаанбаевге;

- Чалма айыл аймагындагы жайыттарды сарамжалдуу жана туура пайдаланууну камсыз кылсын;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык кеңешинин агрардык азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чалма айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары:

В.Акаева