Редакцияот 12.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чалма айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын

2022-жылдын 12-апрели № 8/4

Чалма айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин 2021-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө

Жергиликтуу өз алдынчы башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык Чалма айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин 2021-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы А.Козуевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Чалма айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чалма айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин 2021-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы А.Козуевдин берген маалыматы көнүлгө алынсын жана 2021-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөтү тарабынан мыйзам бузууларга жол берилбей киреше бөлүгү 11 574 700 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Чалма айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Козуевге;

- айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын:

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Култаевге милдеттендирилсин.

 

Чалма айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары:

В.Акаева