| Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 2021- жылдын 05 июнундагы № 3 токтому менен |
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
1.Жалпы жоболор
1.1 Кыргыз Репсубликасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына ылайык айылдык кеңеш (Мындан ары-кеңеш)жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
- кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын,жергилктүү жамаатынын Уставын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчилике алат.
Кеңештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат.
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө:
- жергиликтүү бюджетти жана анны аткаруу жөнүндөгү отчету бекитүү,ошондой эле бюджетти жана аны аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкары фонду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
- айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко канааттандырарлык эмес деген баа берилген учурда, айылдык кенеш айыл өкмөттүн анын айрым мүчөлөрүнүн жана башка кызмат
- аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышына контролдук кылуу;
- жергиликтүү салыктарды жана жыйындарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизүү,ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин, анын ичинде муниципалдык менчик обьектерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө,муниципалдык менчикти пайдаланууга контролдук кылуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчету угуу;
- мыйзамда берилген учурда депутаттардын ыйгарым укутарын мөөнөтүнө мурда токтотуу;
- депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтпөө;
- жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү:
- администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунушту тийиштүү мамлекеттик бийлик органга киргизүү максатында иштеп чыгуу;
- кенештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызмат ордунан бошотуу,кенештин төрагасын Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карама-каршы келген чечимин алып салуу;
- жергиликтүү кенештин регламентин кабыл алуу;
- өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
- өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айылдык округтун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучусу-тескөөчү органынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
- муздак суну,канализацияны пайдалануу үчүн ошондой эле каттуу тиричилик калдыктарын чогултуу,ташып кетүү жана жок кылуу,үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык беитүү;
- жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка маселелерди да чечүү;
1.3 кенеш өз ыйгарым укуктарын жүзөөгөг ашырууга киришүү менен бир айлык мөөнөтдө кеңештин төраганын орун басары жөнүндө чечим кабыл алат.
2. Жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруу:
2.1 Кеңештин иши келечектүү (жылдык) жана учурдагы (кварталдык) пландардын негизинде түзүлөт.
Пландык долбоорун депутаттардын сунушу боюнча кеңештин аппараты же тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу –тескөөчө органы түзөт жана кеңештин төрагасы кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылат.
2.2 Кеңешти чакыруу убактысы,сессияны өткөрүү орду жана карап чыгууга киргизилүүчү маселелер жөнүндө кеңештин төрагасы сессияга чейин үч күндөн кечиктирбестен депутаттарга кабарлайт жана калка жеткирет.
2.3 Чечимдердин долбоорлору жана талкууланып жаткан маселелерге башка материалдар сессияга чейин 3 күндөн кечиктирбестен депутаттарга жекече берилет.
2.4 Кеңештин кезексиз сессиялары кенештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде бир бөлүгүнүн сунушу боюнча чакырылат. Кезексиз сессия,аны чакыруу жөнүндө сунуш алынган 3 учурдан тартып 7 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.
Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш күн тартибине киргизүүгө сунуш кылынган маслелерди көрсөтүү жана кезексиз ессиянын зарылчылыгын негиздөө менен жазуу жүзүндө кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.
2.5 Кеңештин сессиясына пландан тышкары маслелерди бекитилген иш планына ылайык аларды даярдоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар даярдайт.
Кеңештин сессиясына пландан тышкары маселелерди аларды киргизүүчүлөрдүн демилгечилери даярдайт.
2.6 Кеңештин чечими боюнча же кеңештин төрагасынын буйругу боюнча кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардын,адистердин,ошондой эле жаран менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен жумушчу комиссиялар (топтор) түзүлүшү мүнкүн.
2.7 Кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү сунуш кылынган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору,суроо талаптар, кайрылуулар жана башкалар) сессияга чейин 5 күндөн кечиктирбестен кеңештин катчысына (маселенинин аталышы,маселелени талкулоо зарылчылыгы убактысы менен) жазуу жүзүндө бериллүүгө тийиш. Андай болбогон учурда маселе кийинки жыйналышка которулат.
2.8 Кеңештин кароосуна сунуш кылынган чечимдердин долбоорлору төмөнкүдөй болууга тийиш:
- аткаруучуларды, аткаруу мөөнөтүн,финансылоо булагын ошондой эле чечимдер күчүнө убакытты көрсөтүүгө:
-таламдаш уюмдар өз алдынча башкаруунун аймактык органадарынын тиешелүү бөлүмдөрү менен ал эми зарылчылык болгон учурда- тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга, Эгерде тиешелүү макулдашуулар чечимдин долбоору сунуш кылынгандан кийин эки жуманын ичинде берилбесе.кеңеш маселени аларсыз кароого укуктуу;
Бул маселе боюнча мурдагы ччимдерди эске алууга жана кабыл алынган чечимдерди алып салууга же өзгөртүү боюнча сунуштарды камтууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө юридикалык корутундусу болууга;
2.9 Белгиленген маслеле боюнча талкулоо үчүн чакырылгандардын тизмесинин сунушу маселени кеңештин жыйналышына коюга негиз болгон адам даярдайт.
Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдар маселени талкуоонун убактысы жана орду жөнүндө кеңешти (же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын) аппаратынын кызматкерлери тарбынан күн мурун кабарландырылат.
3. Кеңештин сессиялары депутаттык угуулар ( депутаттык саат, депутаттык кун)
3.1 Кенештин сессиялары кенештин шайланган депутаттарынын санынын кеминде экиден \ч бъл\г\ болгон учурда чечим кабыл алууга укуктуу.
3.2 Кенештин депутаттары кеңештин сессияларына катышууга милдетүү .
Сессичларга катышууну эсепке алууну кеңештин катчысы (мындан ары каьчы) уюштурат. Депутат башталган убактысынан жарым саат кечигип келсе, келбеди деп эсептелинет.
Жыйналышка келүү мүнкүнчүлүгү болбогон учурда кеңештин депутаты бул жөнүндө кеңештин катчысына күн мурундан билдирүүгө тийиш.
3.3 Кеңештин сессиялары ачык болуп саналат.
Кеңештин чечими боюнча жабык жыйналыш өткөрүлүш мүнкүн.
3.4 Сессияга мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү,башка кенештердин депутаттары кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
3.5 Кеңештин сессияларын кеңештин төрагасы, ал эми ал жокто кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
3.6 Кеңештин сессиясында добуш берүү кол көтөрүү менен жүргүзүлөт. Кеңеш зарыл деп эсептеген учурларда добуш берүү башкача ыкма менен жүргүзүлүшү мүнкүн.
Добуш берүүнүн натыйжалары (кеңештин депутаттарынын фамилияларын «жактап» «каршы2 добуш бергендерди, «Калыс» калгандары көрсөтүү менен) протоколго киргизилет.
Добуш берүү аяктагандан кийин жасалган эрк билдирүүгө эч кандай түзөтүүлөр кабыл алынбайт.Добуш берүү учурунда жок болгон депутат добушун кийин берүүгө укуксуз.
3.7 Кенеш ар бир сессияда кеңештин сессияга катышып отурган депутаттарынын санын көпчүлүк добуш менен күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
3.8 Өзгөчө учурларда күн тартибине кеңештин чечими боюнча кеңештин сессиясына кошумча маселелер киргизилиши мүнкүн.
Сессиянын күн тартибине кеңештин маселелерди киргизүү жөнүдө чечим ар бир сунуш боюнча добуш берүү менен кеңештин жыйналышка катышып отурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3.9 Кеңеш сессиянын күн тартибин бекиткенден кийин талкулоо күн тартибинде белгиленген тартип боюнча жүргүзүлөт.Күн тартибинин маселелрин талкулоо тартибинде өзгөртүүлөр кеңештин тартибинин маселелерин талкулоо тартибиндеги өзгөртүүлөр кеңештин чечими боюнча жүргүзүлөт.
3.10 Тигил же бул себептерден улам бул сессияда каралбаган маселени кеңештин кийинки сессиясына калууга тийиш.
3.11. Сессиянын жыйналыштарында докладдар үчүн убакыт,эреже катары-10 мүнөткө чейин,докладдар 5 мүнөткө чейин берилет.Жарыш сөзгө чыккандар 5 мүнөткө чейин, талапкерлер алып бару тартиби добуш берүү жүйөлөрү боюнча сөз сүйлө үчүн арыздар , маселелер,сунуштар,билдирүүлөр үчүн 3 мүнөткө чейин.
Депутаттар көпчөлүгүнүн макулдугу менен сессияда төрагалык кылуучу доклад же сөз сүйлөө үчүн убакытты узарта алат.
3.12. Депутат сессиянын ар бир жыйналышында бир эле маселе боюнча эки жолудан ашык эмес ал эми жыйналышка катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен ндан ашык сөй сүйлөй алат.
3.13. Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам талкууланып жаткан темадан алыстаса търагалык кылуучу аны талкууланып жаткан маселеден алыстабоого чакыра алат.
Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам сөй сүйлөө үчүн ага берилген убакыттан ашып кетсе же талкууланбаган маслеле боюнча сөз сүйлөсө, төрагалык кылуучу экинчи жолу эскерткенден кийин аны сөз сүйлөөдөн ажыратат.
3.14. Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда търаганын буйругу боюнча кеңештин сесияларынын жыйналыш залынан чыгарылышы мүнкүн.
3.15. Сессиянын жыйналышынын протоколу кеңештин катышып отурган депутаттарынын жана сессияга чакырылып, катышпагандыгынын себептерин көрсөтүү менен жок депутаттарынын фамилияларын,гуулардын предметинин манызы боюнча маалыматтарды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди камтуууга тийиш.
Протоколду жүргүзүп жаткан кеңештин сессиясынын жыйналыштары жөнүндө кыскача жана манызы боюнча жазуу жазат. Эгерде сессиянын жыйналышынан кийин эки күндүн ичинде кеңештин депутаттары жазуунун мазмуунунун каршы пикирин билдирбесе, протоколдо сессияда төрагалык кылган адам кол коет.
3.16 Кеңештин сессиялары каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү кеңештин аппараты жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүлөрдү берет.
3.17 Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгүн сунушу боюнча депутаттык угууларды «Депутаттык саат» «Депутаттык кун» кеңештин карамагына кирген маслелер боюнча жана Жазы айылдык кеңешинин кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы башка маселелер талкууланат.
Депутаттык угууларга чакырылган адамдар кеңештин жыйналышына келүүгө милдетүү депутаттык угуулардын жыйынтыктары боюнча угууларга катышкан депутаттардын добушунун көпчүлүгү менен талкууланып маселе боюнча сунуштамалар кабыл алынат.
Депутаттык угуулар кыскача жана манызы боюнча стенограммаланат жана ага төрага кол коет.
3.18. Айылдык кеңештин сессиясы төрагалык кылуучу тарабынан мамлекеттик тилде алып барылат.
Депутат ошондой эле чакырылган адамдар менен айылдык кеңештин сессиясында депутаттык угууларда расмий тилде сүйлөөгө укуктуу .
Чет мамлекеттердин, алык уюмдардын ошондой мамлекеттик жана расмий тилдерди билдирбеген өкүлдөрү чет өлкөлүк жарандар чет тилде сүйлөөгө укуктуу алар мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу менен камсыз кылынат.
3.19 Сессияга алкоголдук ичимтерди ичип келүү, катышууга тыюу салынат.
Кеңештин чечимдери.
4.1. Сессияда каралган маслелер боюнча кеңеш чечим кабыл алат.Кеңештин чечимдери сессияда ачык анын ичинде атын атоо же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
4.2. Кеңештин чечимдери сессияда талкуулангандан кийин кеңештин сессияга катышып жаткан депутаттарынын санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
4.3 Кеңештин төрагасын, кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо кеңештин органдарын түзүү жөнүндө кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңештин мурда кабыл алынган чечимдерин алып салу же өзгөртүү чечимдер кеңештин шайланган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына же мамлекеттик органынын кызмат адамына же мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнүндө кеңештин чечими кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добуш менен алынат.Кеңештин карамагында кирген маселелер боюнча анын чечимдери токтом түрүндө чыгарылат жана ага кеңештин төргасы кол коет.
4.4 Кеңештин чечимине макул болбогон депутат өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө же оозэки баяндоого укуктуу, ал кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
4.5. Эгерде сессига катышып олтурган депутаттардын жармынан ашыгы чечимдин сунуш кылынган долбоорун жактап добуш берсе, ал негиз катары алынат.
Эгерде чечимдин сунуш кылынган долбоору негиз катары кабыл алынбаса ал беренелер боюнча каралышы мүнкүн.
4.6 Чечимдин долбооруна түзөтүү киргизүү калган депутат аны төрагалык кылуучуга жазуу жүзүндө берет.Түзөтү талкууга коюлат. Жана эгерде сессига катышыр олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы аны жактап добуш берсе, кабыл алынат.
4.7. Баардык түзөтүүлөр каралып чыккандан кийин чечимдин долбоору бүтүндөй кабыл алынат.
4.8. Баардык түзөтүүлөр каралып чыккандан кийин чечимдин долбоору бүтүндөй кабыл алынатт.
4.9. Кенетин чечимдерин чыгаруу үчүн жоопкерчилик кеңештин катчысына жүктөлөт.
4.10. Кеңештин чечимдерине кол коюлгандан кийин 2 күндүк мөөнөттө айыл өкмөтүнүн аппарты таратат.
4.11. Кеңештин ыйгарым укуктарынын чектерине кабыл алынган анын чечимдерин тиешелүү аймакта жайгашкан бардык ишканалар мекемлер жана алардын органдары, кызмат адамдары жана жарандар аткарууга тийиш.
4.12. Кеңештин чечимдери сот тартибиндег и же кеңештин башка чечими менен гана алып салышы мүнкүн.
5. Жергиликтүү кеңештин төрагасы
5.1 Айылдык кенештин төрагасы кенешке жетекчилик кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлоонун кыызмат адамы болуп саналат.
Мурдагы чакырылыштагы кеңештин төрагасы өз милдеттерин жаны чакырылган кеңештин кеңештин төрагасы шайланганга чейин аткарылат.
5.2. Кеңештин төрагасы өз кызматынан кеңештин демилгеси боюнча кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен, эгерде кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санын кеминде 3 төн экиси муну жактап добуш берсе, бошотулушу мүнкүн.
Кеңештин төрагасына ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1ден 3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы сессиянын күн тартибинде киргизилет.
5.3 Кеңештин төрагасы:
Кеңештин сесияларына чакырат.
Сессияларда депутаттык угууларда ж.б төрагалык кылат.
Жыйналыштарды жана кароого киргизилүүчү маслелерди даярдоого жетекчилик кылат:
Кеңешти иш пландарын түзүүнү камсыз кылат
Кеңештин Регламенти сакталышына көз салат.
Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна жана башка документерине кол коет.
Депутаттар өз ыйгарым укуктарын жүзөөгөг ашырышында аларга көмөк көрсөтөт, аларды зарыл маалымат менен камсыз кылууну уюштурат.
Кеңеште анын органдарында же шайлоо округунда иштөө үчүн депутаттарды кызматтык же өндүрүштүк милдеттерден бошотуу менен байланышкан маселелерди карайт:
Кеңештин туруктуу комиссияларынын, башка комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишин координациялайт.
- мамлекеттик коомдук уюмдар менен мамилелерди кеңештин атынан иш алып барат:
- Кеңештинтышкы байланыштарын уюштурат:
- Кеңештин търагасынын орун басарынын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди сунуш кылат.:
- Кеңештин чечимдерин апткаруу максатында шайлоо үчүн талапкерлерди сунуш кылат;
- Кеңештин чечимдерин аткаруу максатында анын ичинде кеңештин ишине каражаттарды чыгымдоо жагынанда буйруктарды чыгарат.;
- Кеңештин ишинде маалымдуулукту камсыз кылуу жана коомдук пикири эске алуу боюнча чараларды көрөт.
- жарандардын кайрылууларын жана арызыдарын кароону уюштурат;
- Мыйзамдарда каралган учурларда сотко же арбитраждык сотко жөнөтүлүп жаткан тиешелүү документтерге кеңештин атынан кол коет.
5.4. Кеңештин төрагасынын буйруктары кеңеш тарабынан алып салынышы мүнкүн.
5.5. Кеңештин төрагасы ъз\н\н укутарын үй айдын ашык убакыт бою жүзөөгө ашыра албаган учурда кеңеш кеңештин жаны төрагасын шайлоо жөнүндө маселени кароого тийиш.
5.6. Кеңештин төрагасы өз ыйгарым укутарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Мыйдай учурда чечим кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы саны жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык берүү аркылуу кабыл алынат.
5.7. Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда кеңеш жаны төрагасын шайлоо жөнүндө маселе чечилгенге чейин анын милдеттерин кеңеш төрагасынын орун басары аткарат.
6. Кеңештин төрагасынын орун басары
6.1 Кеңештин орун басары кеңештин төрагасынын сунушу боюнча депутаттардын ичинен сессияда жашыруун добуш менен кеңештин ыйгарым укутарын мөөнөтүндө шайланат.Ар бир депутат кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына алдын ала кърсътүү укугуна ээ.
6.2. Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоого окшош жүрөт.
6.4. Кеңештин төрагасынын орун басары :
- Кеңештин төрагасы жок болгон же ал милдеттерин аткара албаган учурда анын функцияларын ишке ашырат.
- ага кеңештин төрагасы берген же ага кеңеш берген ар кандай башка функцияларды аткарат.
- Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат.
6.5. Кенетин төрагасынын орун басары өз ыйгарымс укуктарын ыктыярдуу токтотушу анны жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канаатандырылат.
6.6. Кеңештин төрагасы шайланган учурда кеңештин төрагасынын орун басары ыктыярдуу түрдъ отставкага кетүү жөнүндө арыз берет, ал кеңештин төрагасы тарабынан каралат.
7.Кеңештин жооптуу катчысы.
7.1. Кеңештин жооптуу катчысы кеңештин ишин уюштуруу-протоколдук жактан камсыз кылган адам болуп саналат.
Айрым учурда кеңештин катчысынын мыйзам менен белгиленген функцияларын айыл өкмөтүнүн аппаратынын жооптуу катчысы аткарат.
7.2. Кеңештин катчысы:
- Кеңештин сессияларынын протоколун жүргүзөт;
- Кеңешке келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат.
- Кеңештин сессиясына материалдарды даярдайт,аларды депутаттарга өткөрүп берет;
- сессияга катышу үчүн депутаттарды,мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын,коомдук уюмдардын,калктын коомдук өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын,коомдук уюмдардын,калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн адистерди чакырат;
- депутаттардын кеңештин сессияларына келишинин эсебин алат
- Кеңештин сессиясынын чечимдерин толтурат жана аларды таратууну уюштурат;
- башка функцияларды аткарат.
8. Кеңештин туруктуу комиссиялары.
8.1. Кеңештин карамагына тиешелүү маслелелрди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн кеңеш депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды түзөт.Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кеңештин сессиясында кабыл алынат.
8.2. Туруктуу комиссиялар кеңештин негизги түзүмдүк органдары болуп саналат,алар өздөрү шайланган кеңештин алдында жооптуу жана ага отчет берет,кеңештин жана кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат,жарандардын тиешелүү кеңешке келип түшкөн сунуштарын,арыздарын,даттанууларын карап чыгууга катышат.
Туруктуу комиссиялар комиссияга келип түшкөн документтерге жана кайрылууларга белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттү.
8.3. Ар бир туруктуу комиссиянын компитенциясы,функциялары жана милдеттери туруктуу комиссиялар жөнүндө жобо менен аныкталат, ал кеңештин сессиясында бекитилет.
8.4. Комиссия депутаттын арызынын негизинде депутаттардын ичинен түзүлөт, депутат кеңештин бир гана туруктуу комиссиясынын мүчөсү боло алат.
Туруктуу комиссияда 3 депутаттан кем болбойт.Комиссиянын курамына депутаттарды шайлоо кеңештин сессиясында жүзөөгө ашырылат.Кеңештин чечими боюнча добуш берүү тизме менен же ар биринин атын атоо менен жүргүзүлүшү мүнкүн.Депутаттарды комиссиясынын курамына шайлоо жөнүндө чечим шайланган депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.5. Депутат 3 айдын ичинде жүйөөлүү себеби болбостон пландуу жыйналыштарды 3 жана андан ашык жолу өткөрүп жибергендиги үчүн комиссиянын сунушу боюнча кеңештин чечими менен комиссиянын курамынан чыгарылышы мүнкүн.
Жүйөлүү себептер болуп: оору,өргүү,иш сапар саналат.
8.6. Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүн мурда токтоткон учурда, ошондой эле жазуу жүзүндөгү жеке арызынын негизинде депутат комиссиянын курамынан чыкты деп эсептелет мындай учурларда кеңештинчечимине талап кылынбайт.
8.7. Туруктуу комиссиянын търагасы комиссиянын жыйналышында комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат жана кеңештин сессиясында шайланган депутаттардын санынын көпчүлүгү тарабынан ачык добуш берүү менен бекитилет.
Кеңештин төрагасы жана Кенетин төрагасынын орун басары туруктуу комиссиялардын төрагалары боло албайт.
8.8. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
- Сессянын ишин уюштуруу:
- комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда ишти бөлүштүрөт,аларга тапшырмаларды берет:
Комиссиянын иш планын,жыйналыштардын күн тартибинин долбоорун түзөт;
- комиссия кеңешке даярдаган чечимдердин,сын-пикирлердин жана сунуштардын долбоорун сунуш кылат;
- комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди комиссияга сунуш кылат;
- комиссиянын жыйналыштарын чакырат жана алып барат;
- Комиссиянын иши жөнүндө кеңешке жана кенештин төрагасына маалымдайт;
- төраганын орун басары убактылуу жок болгон учурда комиссия мүчөлөрүнүн ичинен аны алмаштырууну дайындайт;
- комиссиянын чечимдеринин аткарылыш жөнүндө комиссияга келип түшкөн каттарга жооптор жөнүндө комиссия мүөлөрүнө маалымдайт;
- башка уюмдар менен мамилелерде комиссиянын атынан иш алып барат.
8.9. Туруктуукомиссиянын төрагасынын орун басары жыйналышта комиссиянын търагасынын сунушу боюнча комиссия мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
8.10. Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары
- туруктуу комиссия белгиленген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык функцияларды аткарат;
- төраганын тапшыруусу боюнча анын айрым функцияларын аткарат;
- төрага жок болгон учурда аны алмашытырат.
8.11.Айыл өкмөтүнүн аппаратынын адистеринин бири туруктуу комиссиянын катчысы болуп саналат.
Катчы туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт.
8.12. Туруктуу комиссиянын катчысы:
- туруктуу комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзөт;
- комиссияга келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат;
- комиссиянын чечимдерин,комиссияга келип түшкөн каттарга,документтерге жоопторду даярдайт;
- комиссиянын жыйналыштарына катышу үчүн депутаттарды,мамлекеттик биликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунунаймактык органдарынын,коомдук уюмдарынын,калкты коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн,адистери чакырат;
8.13.Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын ишине катышууга комиссиянын тапшырмаларын аткарууга милдет\\
8.14. Сунуштарды комиссиянын колдоосуна ээ болбогон туруктуу комиссиянынмүчөсү маселени кеңештин сессиясында талкулоо учурунда өзгөчө пикир түрүндө аларды жазуу же оозеки формасында киргизе алат.
8.15. комиссиянын талкуусуна киргизилип жаткан маселелер боюнча туруктуу комиссия мүчөсүнө зарыл материалдар берилет.
8.16. Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшыруусу боюнча өз демилгеси боюнча комиссиянын карамагына тиешелүү маселелерди иликтей алат..мамлекеттик жана коомдук органдар менен уюмдардын,ошондой эле жарандардын сунуштарын жалпылай алат,өз тыянактап жана сунуштарын комиссияга билдире алат.
8.17. Мыйзамда каралган учурларда туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялар жыйналыштарынын мезгилине өндүрүштүк же кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу мында туруктуу иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат же ага комиссиядагы иш менен баланышкан чыгымдарын орду жергиликтүү бюджеттен каражаттарын эсебинен толтурулат.
8.18. Туруктуу комиссия комиссиянын жыйналышында бекитилген пландарга ылайык иштейт.
8.19. Ар бир туруктуу комиссия жыйналыштарга зарылчылыкка жараша,бирок айына кемине бир жолу чогулат.
8.20.Эгерде комиссиянын жыйналышына комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан ашыгы катышса,ал чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
8.21. комиссиянын чечимдери жыйналышка катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Эгерде комиссиянын мурда кабыл алынган чечимдерин алып салу жөнүндө чечимдер комиссия мүчөлөрүнүн жарымынын ашыгы добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет.
8.22. Комиссиянын жыйналыштарына бул комиссиянын курамына кирбеген кенеш берүү добушунун укугу бар депутаттар катыша алат.
8.23. Эгерде комиссия башка чечим кабыл алса, комиссиянын жыйналыштары ачык өтөт депутаттар комиссиянын жабык жыйналышына катыша алат.
8.24. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик органдардын ,коомдук уюмдардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү адистерди чакырышы мүнкүн, алар жыйналыштарга кенеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
8.25. Туруктуу комиссиянын ар бир жыйналышы протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коет.
8.26. Туруктуу комиссия маселелерди даярдоо үчүн адистерди тарта алат.Иштөө үчүн тартылган адистер комиссиянын жыйналыштарына кенеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
8.27. Туруктуу комиссиянын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы кол коет.
8.28. Туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечимдери жана протоколдору комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси, кириш документтердин журналы комиссиянын катчысында сакталат..
8.29. Туруктуу комиссиялар кеңештин сессияларда төмөнкүчө жоюлат;
- туруктуу комиссиянын өзүнүн же кеңештин төрагасынын сунушу боюнча;
- эгерде комиссиянын жыйналыштары 3 ай бою (анын ичинде кворум жоктугунан улам) өткөрүлбөгөн учурда;
- комиссияда 3 төн аз мүчө болгон учурда .
9. Убактылуу( атайын) комиссиялар.
9.1. Кеңеш атайын милдеттерди аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
9.2. Убактылуу комиссиялардын иши аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы менен токтотулат.
9.3. Убактылуу комиссиялардын милдеттери ыйгарым укуктарын көлөмү жана мөөнөтү аларды түзүү учурунда аныкталат.
9.4. Убактылуу комиссиялардын ишинин жалпы тартиби туруктуу комиссиялардыкына окшош.
10. Регламентти бекитүү ага өзгөртүүлөрдө жана толуктоолорду киргизүү тартиби.
10.1.Кеңештин регламент маселелер боюнча жумушчу топтун типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгат жана кеңештин сесиясынын бекитүүсүнө киргизилет.
10.2. Регламент маслелер боюнча топ кеңеш шайлай турган кеминде 5 депутаттан турат.Ага кенештин търагасынын орун басары башчылык кылат.
10.3 Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды бере алат.Сунуштарды карап чыгуу үчүн Регламент маселелри боюнча жумушчу топко жөнөтүлөт.
10.4. регламент маселелери боюнча топ түзөтүүлөрдү кабыл алат же четке кагат.
- кабыл алынган түзөтүүлөрдү бекитүү үчүн кеңешке киргизилет.Четке кагылган түзөтүүнүн автору аны кеңеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу.
10.5. Регламент жана Регламентке түзөтүүлөр кеңеш шайланган депутаттарынын ичинен көпчүлүгү тарабынан кабыл алынат.
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары
1.Финансы ,бюджет жана экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо :
2.Мыйзамдуулук,укук тартибин чындоо,жаштар менен иштөө,депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы :
3.Социалдык маселелер (билим беру,байланыш болуму,маданият,ФАПтар жана үй бүүлөөлүк дарыгерлер тобу) боюнча туруктуу комиссия.
4.Айыл чарбасы .жер жана жаратылышты коргоо.курулуш.мал чарбасы,жайыт,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы.
Ар бир маселе боюнча 5 депутат туруктуу комиссиясына болунсун