КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 7-шайланган кезектеги 2-сессиясы
2021-жылдын 5-июну № 4
Кызыл-тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын экинчи сессиясы токтом кылат
1. Кызыл-тоо айылдк кеңешинин туруктуу комиссияларынын структурасы, сандык жана сапаттык курамы бекитилсин.
1. Финансы,экономика, бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссия; (төрага Асанбаев Эртабылды,мүчөлөрү; Арыкова Айгуль,Жолдошова Айгул,Исманов Салмоорбек, Бекмаматов Альберт).
2. Социалдык маселелер боюнча билим берүү, маданият жаштар уюму,спорт,саламаттыкты сактоо жана дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия (төрага Кедеев Чыныбек, мүчөлөрү Ашимова Түрсүнай, Алибаева Канышай, Артыкова Кулпукан,Абдыкадыров Сүйүнтбек)
3. Айыл чарбасы,жер, токой экологиясы,өнөр жай курулуш өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат транспорт байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия төрагасы: Мамытов Калысбек, мүчөлөрү ; Мамытов Калысбек, Абдыразак уулу Жаныш,Алпанова Дамира, Кадырбаева Замира.
4. Регламент,мыйзамдуулук укук тартиби, депутаттык этика, коомдук уюмдар,жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссия төрага: Самидинов Женишбек,мүчөлөрү Базарбаева Рахат, Эшимбетов Жылдызбек, Асанова Урят
5. Кызыл-тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын търагалары( биринчи турган депутат бекитилсин.
6. Туруктуу комиссияларга,търагаларга мыйзамдуу функцияларын толук аткарууга киришип,тиешелүү жылдык иш пландарын иштеп чыгыш, кеңешке бекитүүгө сунуш кылуу милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби,коомдук уюмдар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кызыл-Тоо айылдык кеңештин төрагасы |
Т.Темиралиев |