Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 228 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүүнүн жана аларды кароонун ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүүнүн жана аларды кароонун тартибин белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Апелляциялык кеңеш (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) Кыргыз Республикасында өнөр жай менчик объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди коргоого жөндөмдүүлүк маселелери боюнча талаш-тартыштарды карап чыгуу боюнча милдеттүү түрдөгү баштапкы орган болуп эсептелет жана ушул Эрежелер жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Апелляциялык кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Кыргызпатент) жана ведомствого караштуу уюмдарынын кызматкерлеринин ичинен 7 мүчөдөн түзүлөт жана Кыргызпатенттин буйругу менен бекитилет.
Апелляциялык кеңештин жыйындарында каршы пикирлерди жана арыздарды ачык жана айкын кароону камсыздоо максатында чечимдерди кабыл алууда добуш берүү укугусуз байкоочу катарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу катышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Апелляциялык кеңешке
II. Апелляциялык кеңешке берилүүчү каршы пикирлер жана арыздар
3. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 31, 33, 34, 36, 38-беренелерине, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 16, 32-беренелерине, "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 12, 15-статьяларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Апелляциялык кеңешке төмөнкүдөй каршы пикирлер берилиши мүмкүн:
1) ойлоп табууга патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу экспертизанын жана маани-маңызы боюнча экспертизанын чечимине;
2) пайдалуу моделге патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу же алдын ала экспертизанын чечимине;
3) өнөр жай үлгүсүнө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу же маани-маңызы боюнча экспертизанын чечимине;
4) ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө, селекциялык жетишкендикке патент берүүгө каршы;
5) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон баш тартуу жөнүндө билдирилген белгиге экспертизанын чечимине;
6) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого каршы;
7) географиялык көрсөтмөнү каттоодон баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине;
8) товар чыгарылган жердин аталышын каттоодон баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине;
9) географиялык көрсөтмөнү каттоого жана географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө каршы;
10) товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө каршы;
11) селекциялык жетишкендикке патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Апелляциялык кеңешке төмөнкүдөй арыздар берилиши мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоону токтотуу жөнүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Каршы пикирлерди жана арыздарды берүүнүн шарттары жана тартиби
5. Ушул Эрежелердин 3, 4-пункттарында каралган каршы пикирлер жана арыздар өтүнүүчү тарабынан түздөн-түз же анын өкүлү аркылуу берилет.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Каршы пикирлер же арыздар мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
Чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү эгер Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык макулдашууда башка тартип белгиленбесе, каршы пикирлерин, билдиришет, алар боюнча Апелляциялык кеңешке кат жазышат жана Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жыйындарга катышат.
Өкүл же патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилген каршы пикирге же арызга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним кат тиркелет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган чет өлкөлүк юридикалык жактын же жеке жактын кызыкчылыктарын өкүлдөөгө Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө ишеним катты ушул өтүнүүчү өзү же өтүнүүчү берген тийиштүү ишеним каты бар анын патенттик ишенимдүү өкүлү бере алат. Акыркы учурда айтылган ишеним каттын экөө тең же тийиштүү түрдө таризделген алардын көчүрмөлөрү көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Каршы пикир, арыз жана ушул Эрежелерде каралган башка документтер жана материалдар Апелляциялык кеңешке кагаз жүзүндө почта аркылуу же болбосо кириш корреспонденцияны кабыл алууну тейлеген Кыргызпатенттин түзүмдүк бөлүмүнө түздөн-түз берилет.
Каршы пикир, арыз жана ушул Эрежелерде каралган башка документтер жана материалдар Кыргызпатенттин расмий сайты аркылуу электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Кагаз жүзүндө берилген каршы пикирге же арызга каршы пикирдин жана арыздын көчүрмөлөрүн жана ага тиркелген PDF форматындагы документтерди жана материалдарды камтыган электрондук алып жүрүүчү тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Каршы пикирди же арызды, ага пикирди, ошондой эле тараптардын түшүндүрмөлөрүн жана өтүнүчтөрүн электрондук түрдө расмий сайт аркылуу берүүдө жөнөкөй электрондук кол тамга колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Каршы пикир же арыз бир өтүнмөгө, ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө бир патентке, эл аралык каттоо боюнча бир өнөр жай үлгүсүнө, селекциялык жетишкендикке, бир товардык белгиге, тейлөө белгисине, географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына, географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу жөнүндө бир күбөлүккө тиешелүү болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Каршы пикир же арыз мамлекеттик же расмий тилде машинага басылган түрдө түзүлүүгө, аны берген жак (анын өкүлү) тарабынан кол коюлууга жана окулгудай болууга тийиш.
56. Каршы пикир же арыз Апелляциялык кеңешке эки нускада берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Каршы пикирде же арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө, товардык белгиге, тейлөө белгисине, географиялык көрсөтмөгө жана/же товар чыгарылган жердин аталышына, селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн каттоо номери, ал эми коргоо документи тууралуу талаш-тартыш болгондо, документтин номери, каршы пикирди берген жеке жактын фамилиясы, аты же юридикалык жактын аталышы жана кат алышуу үчүн дареги;
- даттануу берилген чечимге карата талаш-тартыштын маани-маңызы;
- сунушталган жана бардык ага каршы көрсөтүлгөн объектилердин салыштыруу талдоосун кошкондо, өтүнүчүнүн бардык далилдерин жана жүйөлөрүн толугу менен көрсөтүү (коргоо документин берүүдөн баш тартууда);
- өтүнүчүнүн пикири боюнча анын талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизи болгон жүйөлүү далилдер жана негиздүү жагдайлар;
- талаш-тартыш предмети боюнча өтүнүчүнүн так билдирилген талаптары.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- каршы пикирге же арызга тиркелген документтердин тизмеги;
- каршы пикир жана арыз берилген күн, ай жана жыл;
- каршы пикирди же арызды берген адамдын колу;
- юридикалык жактын атынан каршы пикирди же арызды берген адамдын колу жана юридикалык жактын мөөрү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Эгерде ушул пунктта башкача каралбаса, каршы пикирлер арыз ээсине чечим жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде берилет.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 4-пунктчасында каралган каршы пикирлер патентти колдонуунун бардык мөөнөтүндө берилет.
Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинде белгиленген талаптар бузулган учурда, ушул Эрежелердин 3-пунктунун 6-пунктчасында каралган каршы пикир каттоо колдонулган бүткүл мөөнөт ичинде, ал эми "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинде белгиленген негиздер боюнча - Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде каттоо жөнүндө маалыматтар жарыяланган датадан тартып беш жыл өткөнгө чейин берилет.
Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 9-пунктчасында каралган каршы пикир географиялык көрсөтмөнү каттоону, географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна күбөлүктү колдонуу мөөнөтү ичинде берилет.
Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 10-пунктчасында каралган каршы пикирлер товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун, товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүүнүн күбөлүгүн колдонуу мезгилинде берилет.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 2-пунктчасында каралган арыз жалпыга белгилүү болгон товардык белгинин каттоосун колдонуу мезгилинде берилет.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн каршы пикирлерди берүү мөөнөтү Апелляциялык кеңешке каршы пикир келип түшкөн учурда Апелляциялык кеңеш каршы пикир боюнча чечим кабыл алганга чейин токтотулуп турат. Апелляциялык кеңеш каршы пикирди кароосуз калтырган же каршы пикирди кайтарган учурда, каршы пикирлерди берүү мөөнөтү жалпы тартипте улантылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Каршы пикирге же арызга каршы пикир же арыз берүү үчүн белгиленген өлчөмдөгү тийиштүү алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ тиркелиши керек.
Бир түрдүү товарларга карата ушул Эрежелердин 3-пунктунун 5-пунктчасында каралган каршы пикирге "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн товардык белгинин ээсинин берилген белгини каттоого макулдугу тиркелет.
Жеке жак тарабынан же анын атынан берилүүчү каршы пикирге же арызга ошондой эле арыз ээсинин жеке мүнөздөгү маалыматтарды (жеке маалыматтарды) чогултууга, сактоого, иштетүүгө, пайдаланууга, берүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча жеке маалыматтарды трансчек аралык берүүгө макулдугун ырастоочу документ тиркелүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Каршы пикир же арыз берген күн болуп Апелляциялык кеңешке каршы пикир же арыз берүү үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн тастыктаган документти тиркөө менен бул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген каршы пикир же арыз келип түшкөн күн эсептелет.
Берилген каршы пикири же арызы ушул Эрежелердин талаптарына туура келбесе же каршы пикир же арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилбесе, арыз ээсине тиешелүү суроо-талап жөнөтүлөт.
Оңдолгон каршы пикирлер, арыздар же алымды кошумча төлөөнү ырастоочу документ берилбеген учурда, каршы пикир же арыз арыз ээсине кайтарылат. Каршы пикирди же арызды кароонун мөөнөтү оңдолгон документ же алымды кошумча төлөө жөнүндө документ берилген датадан тартып эсептелет.
Каршы пикир же арыз берген жактын өтүнүчү боюнча каршы пикирди же арызды кароонун датасын белгилөө жөнүндө кабарлама жиберген датага чейин тиешелүү өтүнүч кат берген шартта, каршы пикир же арыз бергендиги үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилет.
10. Каршы пикир же арыз берген жак же анын өкүлү Апелляциялык кеңештин чечиминин бүтүмү жарыяланганга чейин берген каршы пикирин же арызын кайра сурап ала алат. Мында каршы пикир же арыз бергендиги үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилбейт.
11. Өтүнүүчүнүн өтүнүч каты боюнча алымдын ашык төлөнгөн суммасы же берилбеген болуп эсептелген каршы пикирди же арыз бергендиги үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилет же башка алымдарды төлөөнүн эсебине белгиленген тартипте чегерилет.
12. Өтүнүүчү тарабынан каршы пикирдин өткөрүлгөн мөөнөтү өтүнүчүнүн өтүнүч каты боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калыбына келтирилиши мүмкүн.
Өтүнүч кат каршы пикирди берүүнүн мөөнөтүнүн өтүп кетишинин жүйөлүү себептерин тастыктоону камтышы керек жана ага каршы пикирдин өткөрүлгөн мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн белгиленген өлчөмдө алым жана каршы пикир үчүн алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ тиркелиши керек.
Өтүнүч кат менен бирге каршы пикирди берүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендигинин жүйөлүү себептерин тастыктаган, белгиленген өлчөмдө көрсөтүлгөн алымдарды төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилбесе, өтүнүч кат жана каршы пикир берилбеген болуп эсептелет.
Эгер алым белгиленгенден аз төлөнгөн жана/же анын төлөгөндүгүн тастыктаган документ болбогон учурда, каршы пикир же арыз берилбеген болуп эсептелет.
13. Өтүнүүчүнүн өтүнүч каты боюнча алымдын ашык төлөнгөн суммасы же каршы пикир берүүнүн мөөнөтүнүн өтүп кеткендигин калыбына келтирүү жана өтүнүч кат менен бирге каршы пикир берилбеген деп таанылган учурда каршы пикир үчүн алымдардын төлөнгөн суммасы кайтарылып берилет же башка алымдарды төлөөнүн эсебине белгиленген тартипте чегерилет.