КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 7-шайланган кезектеги 4-сессиясы
2021-жылдын 14-августу № 10
Кызыл-Тоо айлындагы мини –футбол аянтчасынын бүткөрүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен ,аны тез арада бүткөрүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айлындагы мини-футбол аянтчасынын курулушу бүткөрүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен ,курулуш ишиш жүргүзүп жаткан тендерден утуп алган жана өзүнүн ишин өтөп жаткан ишканага жана айыл өкмөтүнүн тендердик комиссиясына курулуш иштерин суук түшкөнгө чейин бүткөрүүнө эскертип Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 7-чакырылыш 4 сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылыт:
1. Кызыл-Тоо айлындагы курулуп жаткан мини футболдук аянтчанын курулуш ишин 20 күндүк мөөнөткө 9-сентябрга чейин бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Белгиленген мөөнөттө бүткөрүлбөсө органга берилери каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Тоо айылдык кеңештин төрагасы |
Т.Темиралиев |