Редакцияот 14.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 7-шайланган кезектеги 4-сессиясы

2021-жылдын 14-августу № 11

Эркин-Тоо-Тоо айлындагы Эркин-Тоо балдар бакчасынын кошумча жаңы курулушун бүткөрүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен ,аны тез арада бүткөрүү жөнүндө

Эркин-Тоо айлындагы Эркин-Тоо балдар бакчасынын кошумча жаңы курулуп жаткан  курулушу бүткөрүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен ,курулуш ишин жүргүзүп жаткан тендерден утуп алган жана өзүнүн ишин өтөп жаткан жеке ишкерге жана айыл өкмөтүнүн тендердик комиссиясына курулуш иштерин бүткөрүүнү эскертип Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 7-чакырылыш 4 сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылыт:

1. Эркин-Тоо балдар бакчасынын кошумча жаңы балдар бакчасынын  курулуш ишин 10 күндүк мөөнөткө 29-августка чейин бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

2. Белгиленген мөөнөттө бүткөрлбөсө органга берилери каралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кызыл-Тоо айылдык

кеңештин төрагасы

 

Т.Темиралиев