Редакцияот 27.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 7-шайланган кезектеги 5-сессиясы

2021-жылдын 27-августу № 13

Калкты социалдык жактан тейлөөдө Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндөгү байланыш, маданият,медицина жана билим берүү тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө

Калкты социалдык жактан тейлөөдө Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндөгү байланыш, маданият, медицина жана билим берүү тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндөгү айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген маалыматтарынын эске алып талкуулап айылдык кеңештин 7-шайланган 4-сессиясы токтом кылат

1. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн абалын жана андан ары жакшыртуу жөнүндөгү социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2. М.Ибраимов орто мектебинин эшик алдын сырткы чөйрөсүн тазалоо жагы мектеп директору Д.Касымалиевага жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кызыл-Тоо айылдык

кеңештин төрагасы

 

Т.Темиралиев