ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
12.01.2022-жыл № 3
Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек – Сай айыл аймагына караштуу “ Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндөгү “ Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Балтагуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү III сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Терек-Сай Тазалык ” муниципалдык ишканасынын 2022-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 2 427 002 (эки миллион төрт жүз жыйырма жети мин эки) сомго бекитилсин .
2. Бекитилген лимиттерди өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы “ Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Ж.Балтагуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин өнөр жай, транспорт курулуш жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |