ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
12.01.2022-жыл № 6
Терек-Сай айыл аймагынын башкаруу кызматына эмерек алуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башкаруу кызматына (жооптуу катчынын кабинетине) офистик шкаф жана гүл коючу подставка алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү жооптуу катчы Б.Анарбаеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү III сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын башкаруу кызматына (жооптуу катчынын кабинетине) офистик шкаф жана гүл коючу подставка алуу үчүн 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражаты бюджеттен бөлүнүп берилсин
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөөжагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |