ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
12.01.2022-жыл № 7
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы баняны ремонттон өткөрүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылында жайгашкан жалпы баняны утурумдук ремонттон өткөрүү зарылдыгы боюнча Б.Сулаймановдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү III сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылында жайгашкан жалпы баняны утурумдук ремонттон өткөрүү үчүн 100 000 (жүз мин) сом акча каражаты бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөөжагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |