Редакцияот 12.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы

 

12.01.2022-жыл № 8

Терек-Сай айыл аймагындагы тарыхый-маданий мурас обьекттердин жер участокторун тарыхый маданий багытында мөөнөтсүз пайдалануу үчүн Мамлекеттик Акты алууга  акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Терек-Сай айыл аймагындагы тарыхый-маданий мурас обьекттердин жер участокторун тарыхый маданий багытында мөөнөтсүз пайдалануу үчүн Мамлекеттик Акты алуу зарылдыгы боюнча Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин Министрдин орун басары Ч.Эсенгул уулунун  билдирүүсү менен  тааныштырып, билдирүүнү  угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын  кезектүү III сессиясы

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.   Терек-Сай айыл аймагындагы тарыхый-маданий мурас обьекттердин жер участокторун тарыхый маданий багытында мөөнөтсүз пайдалануу үчүн Мамлекеттик Акты алуу үчүн 150 000 (жүз элүү мин) сом акча каражаты бюджеттен  бөлүнүп берилсин.

2.   Бул  токтомдун  аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын КЭБнүн  башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.   Бул токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөөжагы  айылдык  Кеңештин  экономика  жана  финансы  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясына  милдеттендирилсин.

4.   Токтом  Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.