ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
12.01.2022-жыл № 11
Терек-Сай айыл аймагында ден-соолугу жана турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын тургуну жашоо шарты оор, пенсионер А.Байгазиеванын жана Кызыл-Токой айылынын тургуну А.Атамбекованын ден соолугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Терек айылынын тургуну жашоо шарты оор жана пенсионер А.Байгазиевага 20 000 (жыйырма миң) сом жана Кызыл-Токой айылынын тургуну А.Атамбековага ден соолугуна байланыштуу 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |