Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы

 

24.01.2022-жыл № 15

Терек-Сай  айыл аймагында  ден-соолугу жана турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

 

Терек-Сай  айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын тургуну жашоо шарты оор, көп балалуу, баатыр эне Нурай Качикееванын  жана Школьная-1көчөсүнүн тургуну Бөрүбаева Гулназдын баласынын   ден соолугуна  байланыштуу материалдык жардам  көрсөтүү жөнүндөгү  кайрылууларын угуп жана талкуулап,  Терек-Сай айылдык Кеңешинин  IX  чакырылышынын  кезектүү   IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Терек-Сай  айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын тургуну жашоо шарты оор, көп балалуу, баатыр эне Нурай Качикеевага 20 000 (жыйырма мин) сом  жана Школьная-1көчөсүнүн тургуну Бөрүбаева Гулназдын баласы 09.09.2013-жылы туулган уулу Мамаюсупов Бектур Кылычбековичтин көзүнө операция жасатууга 50 000 (элүү мин ) сом акча каражаты жергиликтүү  бюджеттин эсебинен   бөлүнүп  берилсин.

2.  Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын  КЭБнүн  башчысы  Т.Т.Сувановага  жүктөлсүн.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4.  Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.