ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
24.01.2022-жыл № 17
А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине архивдик делолорду сактоого сейф жана шкаф алууга жана класстан тышкаркы иштерди уюштурууга проектор туташуучу ноутбук алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл айыл аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору А.Чынасованын архивдик делолорду сактоо үчүн сейф жана шкаф , класстан тышкаркы иштерди уюштурууга проектор туташуучу ноутбук алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. № 18 А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине архивдик делолорун сактоо үчүн темир эшиктүү шкаф алып берүү үчүн 35 000 (отуз беш мин) сом жана класстан тышкаркы иштерди жогорку денгээлде уюштурууга ноутбук жана проектор алууга 100 000 (жүз мин) сом акча каражаты бюджеттен бөлүнүп берилсин
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөөжагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |