Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы

 

24.01.2022-жыл № 18

Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебине  архивдик документтерин сактоо максатында архивдик бөлмө уюштуруу  жөнүндө

 

Терек-Сай айыл айыл  аймагына караштуу Терек-Сай  жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Г.Шералиеванын  архивдик делолорду сактоо үчүн архив бөлмөсүн  уюштурууга сметага ылайык акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү  кайрылуусун  угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын  кезектүү IV сессиясы

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.   Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебине архивдик делолорун сактоо үчүн  архивдик бөлмө уюштурууга 92 140 (токсон эки  мин бир жүз кырк) сом  акча каражаты бюджеттен  бөлүнүп берилсин

2.   Бул  токтомдун  аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын КЭБнүн  башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.   Бул токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөөжагы  айылдык  Кеңештин  экономика  жана  финансы  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясына  милдеттендирилсин.

4.   Токтом  Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.