Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы

 

24.01.2022-жыл № 20

Кызыл-Токой айыл башчысынын  кабинетине  эмеректерди алып  берүү  жөнүндө

 

Терек-Сай айыл  аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын  айыл башчысы   М.Жолдошбековдун  кабинетине эмеректерди алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун  угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын  кезектүү IV сессиясы

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы М.Жолдошбековдун  кабинетине эмеректерди алып берүү үчүн 89 300 (сексен тогуз мин үч жүз)  сом акча каражаты бюджеттен  бөлүнүп берилсин.

2.Бул  токтомдун  аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын КЭБнүн  башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөөжагы  айылдык  Кеңештин  экономика  жана  финансы  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясына  милдеттендирилсин.

4 Токтом  Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.