ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
24.01.2022-жыл № 22
Ала-Бука –Чаткал автожолунун 16,5 км жолго асфальт төшөө үчүн долбоор даярдатууга 2022-жылга каралган соц.пакеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ала-Бука –Чаткал автожолунун 15 км -31,5 такап айтканда , 16,5 км жолго асфальт төшөө үчүн долбоор даярдатуу боюнча Терек-Сай айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы Т.Т.Суванованын билдирүүсун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү IVсессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ала-Бука –Чаткал автожолунун 15 км -31,5 тактап айтканда , 16,5 км жолго асфальт төшөө үчүн долбоор даярдатууга 2 640,0 (эки миллион алты жүз кырк мин) сом акча каражаты 2022-жылга каралган соц.пакеттин эсебинен “САД-Групп” ЖЧКна бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөөжагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |