Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы

 

24.01.2022-жыл № 24

Ак-Терек жана Горняк-2 көчөлөрүндөгү насостун электр энергиясына кеткен чыгымдарына  акча каражатын бөлүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек жана Горняк-2 көчөлөрүндөгү насостун электр энергиясына  кеткен  кеткен чыгымдарын январь, февраль, март айлары үчүн төлөө зарылдыгы жөнүндөгү КЭБнүн башчысы Т.Суванованын  кайрылуусун   угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын  кезектүү IV сессиясы

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек жана Горняк-2 көчөлөрүндөгү насостун электр энергиясына  кеткен  кеткен чыгымдарына  январь, февраль, март айлары үчүн  200 000 (эки жүз  мин) сом акча каражаты бюджеттен  бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул  токтомдун  аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын КЭБнүн  башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

 

3.Бул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык  Кеңештин  экономика  жана  финансы  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

4.Токтом  Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.