ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
24.01.2022-жыл № 26
Терек-Сай айыл аймагынын 2022-жылдын 1-январына карата кредитордук карыздарды, жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына иштетилбей калган калдыктын эсебинен жоюу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын 2022-жылдын 1-январына карата кредитордук карыздарды, жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына иштетилбей калган калдыктын эсебинен жоюу боюнча КЭБнун башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин 2022-жылдын 1-январына иштетилбей калган калдыктын эсебинен 701 разделинин 311 беренесине 525,0 миң сом, 70911 разделинин 221 беренесине 647,6 миң сом, 222 беренесине 37,4 миң сом, 311 беренесине 291,5 миң сом, 70921 разделинин 222 беренесине 180,9 миң сом, 311 беренесине 135,8 миң сом баардыгы болуп 1818,2 миң сом акча каражаты №1 тиркемеге ылайык бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы |
Тойчуев М.С. |