Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы

 

24.01.2022-жыл № 28

Терек-САй айылындагы “Бизнес Инкубатордун” курулушуунун долбооруна кошумча   акча каражатын бөлүп берүү  жөнүндө

 

“Евростиль Корпорейшн”  ЖЧКнун,  Терек-Сай айылындагы  “Бизнес инкубатордун” курулушунун  долбооруна  кирбей калган  1 445,6  (бир миллион төрт жүз кырк беш  мин алты жүз ) сом жөнүндөгү  кайрылуусун  угуп жана талкуулап,   Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын  кезектүү IVсессиясы

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:  

1.   Терек-Сай   айылындагы  “Бизнес Инкубатордун” курулушуунун долбооруна  кирбей   калган 1 445,6  (бир   миллион   төрт   жүз   кырк   беш  мин алты жүз)  сом акча каражаты  2022-жылга каралган соц.пакеттин эсебинен “Евростиль Корпорейшн” ЖЧКна бөлүнүп берилсин.

2.   Бул  токтомдун  аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн  башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.   Бул токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөө жагы  айылдык  Кеңештин  экономика  жана  финансы  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясына  милдеттендирилсин.

4.   Токтом  Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.