Редакцияот 11.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай  айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы

11.02.2022-жыл № 30

Чаткал РИИБнүн Терек-Сай  АМБнө ноутбук алуу үчүн  акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

  Чаткал РИИБнүн Терек-Сай АМБнүн начальниги милициянын капитаны Т.Полотовдун Терек-Сай аймактык милиция бөлүмүндө иштеген кызматкерлерге комплект компьютер алып берүү боюнча кайрылуусун окуп  жана талкуулап, Терек-Сай айылдык  Кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  V  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Терек-Сай аймактык милиция  бөлүмүндө иштеп жаткан кызматкерлерге ыңгайлуу  шарт  түзүп  берүү максатында 1(бир) даана  ноутбук алып берүү үчүн жергиликтүү  бюджеттин  эсебинен  35 000 (отуз беш  миң)  сом  акча  каражаты  бөлүнүп  берилсин.

2. Бул  токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл  аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.