ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
11.02.2022-жыл № 35
“Ай-Кут строй” ЖЧКна кошумча иштери (доп.работа) үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Кутбилим, Булак-Башы, Ыйман-Нуру, Аалам көчөлөрүнө электр чубалгыларын тартуу иштерин жүргүзүүдө жетпей калган керектүү материалдарды алууга, кошумча жумуштары боюнча “Ай-Кут строй” ЖЧКнун жетекчиси кайрылуусун окуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл-Токой айылындагы Кутбилим, Булак-Башы, Ыйман-Нуру, Аалам көчөлөрүнө электр чубалгыларын тартуу иштерин жүргүзүүдө жетпей калган керектүү материалдарды алууга, кошумча жумуштары үчүн 497 500 (төрт жүз токсон жети миң беш жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Ай-Кут строй” ЖЧК на бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |