Редакцияот 11.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай  айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы

11.02.2022-жыл № 38

Терек-Сай аймактык ооруканасынын төрөт  бөлүмүнө  керектүү медициналык жабдууларды алып берүү   жөнүндө

 

  Терек-Сай айыл аймактык ооруканасынын төрөт блүмүнүн акушери Альбина  Ботобекованын  төрөт  бөлүмүнө керектүү  медициналык жабдууларды алуу бюнча кайрылуусун окуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык  Кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  V  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.  Терек-Сай  аймактык ооруканасынын   төрөт  бөлүмүнө ыңгайлуу шарт түзүү максатында, керектүү  медициналык жабдууларды алуу үчүн  72 000 (жетимиш эки миң) сом акча  каражаты  жергиликтүү бюджеттин эсебинен  бөлүнүп  берилсин.

2.  Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл  аймагынын КЭБнүн башчысы  Т.Т.Сувановага   милдеттендирилсин.

3.  Бултоктомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4.  Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.