КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XХII- сессиясы
2021-жылдын 13-марты № 2
Айыл өкмөтүнүн адиси Ш. Ташиевге материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Айылдык кеңештин М. Маматалиев айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Ташиев Шарабидиндин үйүндө 2020-жылдын 13-ноябрында өрт кокустугу чыгып, үй толугу менен күйүп, андан ары жашоого жараксыз абалга келгендигине байланыштуу жергиликтүү бюджеттен материалдык (акчалай) жардам көрсөтүүнү сураган арызы менен депутаттарды тааныштырып, арыз айылдык кеңештин талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкууланып, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” 2016-жылдын 30-майындагы № 75 мыйзамынын 31-беренесиинин 7, 10-пункттарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын ӨКМ-нин Кара-Суу райондук бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 26-январындагы №19аныктамасынын негизинде муниципалдык кызматчылардын эмгегин туура баалоо жана аларга стимул берүү максатында Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Ташиев Шарабидиндин үйү өрт кокустугуна туш болуп, мындан ары жараксыз абалга келгендигине байланыштуу анын эл алдындагы көрсөткөн үзүрлүү эмгегин эске алуу менен ага жергиликтүү бюджеттен 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ-үнө жогоруда көрсөтүлгөн сумманы өз убагында төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары : |
Р. Жалалдинов |