Редакцияот 13.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XХII- сессиясы

2021-жылдын 13-марты № 4

Жеке агрономдордун кызмат акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Динбаев Алмаздын Кара-Суу районунда 2021-жылдын 1-февралында жеке агрономдордун катышуусунда өткөн жыйындын № 1 протоколунун негизинде  аймактагы бак-дарактарды бутоо, эгиндердин зыянкечтерине, ооруларына каршы дарылоо иштеринде кызмат көрсөткөн жеке агрономдордун кызмат акысынын өлчөмүн бектип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Динбаевдин сунушу жактырылсын жана дыйкандарга кызмат көрсөткөн жеке агрономдордун кызмат акыларынын суммасы төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:

- көп жылдык бак-дарактарды дарылоо -  1 га – 3000 (үч миң) сом;

- эгиндерди дарылоо                                   - 1 га  - 2000 (эки миң) сом;

- дарактарды бутоо -  көлөмүнө жараша           - 30-150 сомго чейин;

2. Кызыккан тараптарга токтомдон көчүрмө берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымынын

орун басары :

 

 

Р. Жалалдинов