КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XХII- сессиясы
2021-жылдын 13-марты № 7
“CASA-1000» жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларын куруу үчүн жер аянттарын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
“САSA-1000» долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомун ишке ашыруу максатында КР-нын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформация) жөнүндөгү” № 145 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашкар-Кыштак айыл аймагынан өтүүчү “CASA-1000” жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамычаларын куруу үчүн Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы мамлекеттик менчикте турган 1864 - контурундагы жалпы аянты 324 чарчы метр жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери ж.б. багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Батировго тапшырылсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары : |
Р. Жалалдинов |