ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
11.02.2022-жыл № 40
Ынтымак жана Горняк көчөлөрүнө жөө киши жүрө турган кичине жол (тротуар) курууга долбоор даярдатуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ынтымак жана Горняк -1; - 2 көчөлөрүнүн тургундарынын, жолдон жеңил жана оор автоунаалар көбөйүп, балдарга кооптуу болуп жаткандыгы, көчөлөргө жөө киши жүрө турган кичине жол (тротуар) куруу жөнүндөгү жазылган кайрылууларын окуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Мектепке, бала бакчага барган балдардын, жергиликтуу тургундардын коопсуздугун алдын алуу максатында, Ынтымак айылынан Ак-Терек айылына чейин, Горняк -1/2 көчөлөрүнөн Ак-Терек айылына чейин, жөө киши жүрө турган кичине жол (тротуар) курууга долбоор даярдатуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000 (жүз миң) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бултоктомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |