ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
11.02.2022-жыл № 43
Терек-Сай айыл аймагында 23-февраль- Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата райондук деңгээлде иш чара уюштуруу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери, Ооган ардагерлери, Тажик-Афган чек арасында кызмат өтөгөндөр жана Баткен согушунун катышуучуларына майрамдык кече, иш чара уюштуруу боюнча, Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А.Ж.Таштанбаеванын буйругун ишке ашыруу максатында, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймгында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери, Ооган ардагерлери, Тажик-Афган чек арасында кызмат өтөгөндөр жана Баткен согушунун катышуучуларына райондук деңгээлде майрамдык кече, иш чара уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 125 000 (бир жүз жыйырма беш) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |