Редакцияот 11.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай  айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы

11.02.2022-жыл № 47

Терек-Сай айыл  аймагынын жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар эсебине кошумча  план суроо жана  кошумча суралган планды жумшоо  жөнүндө

 

Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар эсебине кошумча план суроо жана кошумча суралган планды жумшоо жөнүндө    КЭБнун башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин   IX чакырылышынын кезексиз    V   сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин  атайын каражаттар эсебине  түшкөн 1000,0 миң сом акча каражаты, 701 разделине кошумча план суралсын. 

2.   Терек-Сай айыл аймагынын атайын каражаттар эсебине түшкөн 1000,0 миң сом акча каражаты, 701 разделинин 311 беренесине №1 тиркмеге ылайык жумшалсын.

3.   Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.

4.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5.   Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,     Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.