Редакцияот 01.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай  айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

1.03.2022-жыл № 48

Терек-Сай айыл  аймагынын  административдик имаратынын курулуш иштерине, кошумча жумуштары үчүн  акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Терек-Сай айыл  аймагынын  административдик имаратынын курулуш иштерине кошумча жумуштары (доп.работа) үчүн акча каражатын бөлүп берүү  жөнүндөгү  Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Суванованын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык  Кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  VI  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Терек-Сай айыл  аймагынын  административдик имаратынын курулуш иштерине кошумча жумуштары (доп.работа) үчүн 401 234   (төрт жүз бир мин эки жүз отуз төрт )  сом  акча  каражаты  бөлүнүп  берилсин.

2. Бул  токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл  аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.