Редакцияот 01.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай  айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

1.03.2022-жыл № 51

“Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык “жылына  карата Жалал-Абад облустук жаштар иштери , дене тарбия жана спорт башкармалыгынын  волейбол оюнун уюштуруу жөнүндөгү иш чарасын  ишке ашыруу жөнүндө

 

 “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылына ” жана “8-март-Аялдардын Эл аралык  күнүнө” карата  айымдар арасында волейбол оюнун уюштуруу жөнүндө Жалал-Абад облустук жаштар иштери , дене тарбия жана спорт башкармалыгынын спорттун волейбол түрү боюнча мелдешке барып келүүгө Ак-Терек айылынын тургуну Усубалиева Саадаттын Жалал-Абад шаарына барып келүүгө акча каражатын карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап,   Терек-Сай айылдык  Кеңешинин IX  чакырылышынын  кезексиз  VI  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылына”  жана “ 8-март-Аялдардын Эл аралык  күнүнө” карата айымдар арасында уюштурулган волейбол оюнуна Жалал-Абад шаарына барып келүүгө  спортту сүйүүчүлөрдү колдоо менен Усубалиева Саадатка 20 000 сом (жыйырма мин) сом  акча  каражаты  бөлүнүп  берилсин.

2.   Бул  токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл  аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .

3.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

4.   Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.