ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
1.03.2022-жыл № 52
“ Ай-Нуру” балдар бакчасынын жаны ачылган тайпасына керектүү эмеректерди алып берүү боюнча
“ Ай-Нуру” балдар бакчсынын жаны ачылган тайпасына керектүү эмеректерди алып берүү боюнча “Ай-Нуру” балдар бакчасынын жетекчиси Ч.Баимбетованын кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ай-Нуру” балдар бакчасынын жаны ачылган тайпасына керектүү эмеректерди алып берүү боюнча 178 100 ( бир жүз жетимиш сегиз миң бир жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |