ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
1.03.2022-жыл № 54
Кызыл-Токой айылындагы Мырзагулов Абдрахман атындагы маданият үйүнө керектүү жабдууларды алып берүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Токой айылындагы Мырзагулов Абдрахман атындагы маданият үйүнүн жетекчиси Т.Быймырзаевдин маданият үйүнө керектүү жабдууларды алып берүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
1. Кызыл-Токой айылындагы Мырзагулов Абдрахман атындагы маданият үйүнө керектүү жабдууларды алып берүүгө 17 500 (он жети мин беш жүз ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
2. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |