Редакцияот 01.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай  айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

1.03.2022-жыл № 55

“Бүчүр” балдар бакчасынын  балдар ойноочу аянтчасына резина ковриктерди жаткыруу үчүн акча каражатын  бөлүп  берүү  жөнүндө

 

“Бүчүр” балдар бакчасынын  балдар ойноочу аянтчасына балдар бакчасындагы баалдардын коопсуздугунун алдын алуу менен резина ковриктерди жаткыруу үчүн акча каражатын  бөлүп  берүү  жөнүндөгү “Бүчүр ” балдар бакчасынын жетекчиси Г.Камчыбекованын  кайрылуусун окуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык  Кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  VI  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.   “Бүчүр” балдар бакчасынын  балдар ойноочу аянтчасына резина ковриктерди жаткыруу үчүн жалпы суммасы 461 600 (төрт жүз алтымыш бир  мин  алты жүз) сом  акча каражаты бөлүнүп   берилсин.

2.   Бул  токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл  аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .

3.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

4.  Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.