ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
1.03.2022-жыл № 59
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына иштетилбей калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына иштетилбей калган калдыкты бөлүштүрүү боюнча КЭБнун башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин 2022-жылдын 1-январына иштетилбей калган калдыктын эсебинен 701 разделинин 221 бересине 810,0 миң сом, 222 беренесине 472,0 миң сом, 311 беренесине 1447,0 миң сом, 70823 разделинин 221 беренесине 30,0 миң сом, 222 беренесине 43,0 мин сом, 70911 разделинин 211 беренесине 12,5 миң сом, 222 беренесине 180,0 мин сом, 311 беренесине 554,0 мин сом, 70921 разделинин 222 беренесине 150,0 миң сом, баардыгы болуп 3698,5 миң сом акча каражаты №1 тиркемеге ылайык бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |