ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
1.03.2022-жыл № 60
Кызыл-Токой айылынын борборун көрктөндүрүү , жашылдандыруу жумуштарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы М.Жолдошбековдун Кызыл-Токой айылынын борборун көрктөндүрүү , жашылдандыруу максатында бак-дарактардын түрлөрүн отургузуу зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын борборун көрктөндүрүү , жашылдандыруу максатында бак-дарактардын түрлөрүн отургузуу үчүн 107 000 ( бир жүз жети миң) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4 Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |